www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Москвада өтүп жаткан "Евразия — салттуу баалуулуктардын аймагы" деп аталган форумда Кыргызстанда орус тили Баш мыйзам менен корголорун айтты.
"Кыргызстан – кош тилдүү өлкө. Анда 1,5 миллион бала орус тили сабагын окуйт. Билим берүүнүн негизги миссиясы – кайсы жерде жашабасын, өз өлкөсүнүн креативдүү, чыныгы жарандарын тарбиялоо. Эң башкы баалуулук – Мекенге кызмат кылуу, муундар аралык байланышты, улуттук баалуулуктарды жана үй-бүлөлүк салттарды сактоо", - деди министр.
Ал учурда тилди үйрөткөн мугалимдер жетишсиз экенин, министрлик мындан улам орус тили факультеттерин субсидиялоо же эки тилди билген мугалимдерди даярдоо боюнча сунуштарды киргизип жатканын белгиледи.