www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Социалдык тармактарда Фармацевтика тармагын өнүктүрүү агенттигинин директору С.Кариевдин колу коюлган кат тарады. Анда индиялык "Marion Biotech" компаниясы чыгарган дагы бир дары сатуудан алынганы айтылат.
«Республиканын аймагына алынып келинип, жүгүртүүгө чыгарылган AAS2204 сериясындагы 15 мг/5 мл 100 мл амбронол сиропу эксперттин корутундусу боюнча ченемдик документтердин талаптарына жооп бербейт деп табылган», - деп айтылат катта.
Кызыгы, бул «Амбронол» сиропунун өндүрүүчүсү «Док-1 Макс» дарысын чыгарган «Марион Биотех» фирмасы.
Катта Фармацевтикалык тармакты өнүктүрүү агенттиги «Амбронол» сироп дарысын сатууну токтотууну, бул продуктуну дарыканалардан чакыртып алууну жана тез арада жеткирүүчү дистрибьюторго кайтарып берүүнү суранган.
Бул катка 29-декабрда кол коюлган.
Булак: NazarNews.kg