www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаевдин элесине арналып 12-февралда Бишкекте өткөрүлгөн "Чындык" форумуна Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Дональд Лу да видео байланыш аркылуу катышып, кайрылуу жасады.

Ал өз кайрылуусунда Associated Press агенттигинин АКШдагы башаламандык учурунда демонстранттардын соккусуна кабылган сүрөтчүсүн мисал келтирип, журналистика Вашингтондо да кооптуу кесип бойдон калганын айтты:

"Журналистика Вашингтондо да, Бишкекте да кооптуу бойдон калууда. Кыргызстан Борбор Азия олкөлөрүнүн ичиндеги эң демократиялуу өлкө. Бул статуска ал саясатчыларынын менен эмес, журналисттердин, сөз эркиндигинин аркасы менен жетти. Демократиянын өнүгүүсү үчүн журналисттердин ролу чоң, мен силерге ишенем".

Эгизбаевди эскерүүгө арналган "Чындык" форумун Иликтөөчү журналисттер фонду уюштурду.

Форумга "Интерньюс" уюмунун Кыргызстандагы кеңсесинин директору Элина Каракулова жана иликтөөчү журналисттер, маалымат агенттиктеринин өкүлдөрү катышууда.

Уланбек Эгизбаев көзү тирүү болгондо быйыл 12-февралда 31 жашка чыкмак.

«Азаттык» радиосунун таланттуу иликтөөчү кабарчысы Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда 28 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости