www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарында Милициянын кайгуул кызматынын кызматкери пара алып жатканда тартылган видео @ertaisfr баракчасында жарыяланды.
«Кадрда соодалашуу жүрүп жатканын көрүүгө болот. Инспектор 1000 сом сураса, айдоочу 500 сому гана бар экенин, айдын аягына чейин пайдалана турган акчасы экенин айткан. Аягында инспектор 500 сомду алып, чөнтөгүнө салды», - деди автор.
Ал эми Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы бүгүн, 12-февралда билдирген маалымат боюнча, бул видео мындан 2 ай мурда тартылган. Буга байланыштуу бир катар кызматкерлерге кызматтык териштирүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен бир кызматкер ички иштер органдарынан чыгарылды.
Бардык материалдар юридикадык баа берүү үчүн прокуратурага жөнөтүлүп, акча алган кайгуулчунун жанындагы шеригине дисциплинардык жаза берилген.
Булак: NazarNews.kg