www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйшөбаев:

Коомдук ишмер Кеңешбек Дүйшөбаев кадрлар бат-баттан алмашса мамлекеттик башкаруу системинде башаламандык боло турганын айтты.

"Эгерде саат сайын кадрлар алмаша турган болсо мамлекеттик башкаруу системинде башаламандык болот. Мамлекеттик башкаруу системинде кадрлар башаламандыгы болсо мамлекет туңгуюкка барат. Андай боло турган болсо мамлекетибиз чоң утулушта болот. Мурда кадрларды тандоо боюнча систем бар эле. Ошонун баарын талкалап салышты. Акыйкат, тыкан караш керек. Мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин учурунда өкмөттү оптималдаштыруу жөнүндө сөз болгон. Бирок алар ошонун баарын талдап чыгышыбыз керек деп билдиришкен. Анткени мамлекеттик түзүмдү, кадрларды азайта турган болсок компенсация төлөнүп берилиши керектиги айтылган. Бул нерсени бюджетибиз көтөрө албайт, акырындык менен жасаш керек дешкен. Ошондуктан кадрдык системди тыкан караш керек", - деди ал.


Булак: NazarNews.kg

Последние новости