www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын мурдагы президенти Дональд Трампка айып коюу үчүн Нью-Йорк 200 миллион доллар сарптады. Ал эми мурунку президент 130 миң доллар үчүн айыпталып жатат. Бул тууралуу Дональд Трамп өзүнүн Truth Social социалдык тармагынан билдирди.
Анын айтымында, округдун прокурору Элвин Брэгг Нью-Йоркту жаап, бул ишке 38 миң полиция кызматкерин тарткан.
“Бул шаардык бюджетинен 200 миллион долларды түзөт, анткени 130 миң долларга ачыкка чыгарбоо келишими толук сакталган”,-деди Трамп.
Трамптын мурдагы адвокаты Майкл Коэн порнографиялык актриса Сторми Дэниэлске 2016-жылдагы шайлоо өнөктүгү маалында Трамп менен болгон байланышын жашыруун сактоо үчүн 130 миң доллар төлөгөн. Нью-Йорктун прокуратурасы АКШнын экс-президенти бул сумманы Trump Organization компаниясынын эсебинен компенсациялаганын далилдөөгө аракет кылууда.
Дональд Трамп прокуратура тарабынан коюлган айыптар жана мыйзам бузууларга, анын ичинде документтерди бурмалоого тиешеси жок экенине ишендирди. Анын айтымында, сотто конкреттүү далилдер көрсөтүлбөгөндүктөн, бул иш боюнча угуулар көпчүлүктү таң калтырды.
“Иш жүзүндө ар бир юрист эч кандай кылмыш иши жок дейт. Эч кандай мыйзам бузуулар болгон эмес”, - деди Трамп.
Булак: NazarNews.kg