www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чыңгыз Жумагулов камактан бошотулганы тууралуу маалыматты бүгүн, 12-июлда ЖАМКтын басма сөз кызматы тастыктады.
2019-жылы 19-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда «Дөө Чыңгыз» каймана аттуу Жумагулов Чыңгыз Адашкановичке карата өкүм чыгарылган.
Судья Адылбек Эсенбаев Жумагуловду Жазык кодексиндеги 266-берененин 1-бөлүмү (бейбаштык) боюнча күнөөлүү деп таап, 5 жылга эркинен ажыраткан. Ал эми Марсбек Тентиев менен Ильяс Айдакеев 13 жылга кесилип, 190 миң сом айып пул салынган.
Буга чейин мамлекеттик айыптоочулар Жумагуловду жана башка айыпталуучуларды 248-берене (уюшкан топту түзүү же ага катышуу), 138-берене (ден соолукка оор зыян келтирүү) жана 206-берене (автотранспорт каражаттарын айдап качуу) боюнча күнөөлүү деп таап, 15 жылга эркинен ажыратып, 200 миң сом айып пул салууну сурашкан.
2019-жылы 10-апрелге караган түнү Бишкек шаарындагы ооруканага катуу сабалган 2 эркек адам түшүп, экөө тең көз жумган. Алардын өлүмүнө шектүү 3 адам кармалган.
Бишкек шаарында 9-апрелде түндө Москва көчөсүндө жайгашкан «Камек» жеке клиникасынын алдына белгисиз жарандар оор абалдагы эки адамды таштап кетишкен. Алардын биринчиси — Таластагы Бакай-Ата районунда 1974-жылы туулган А.Ильяс мурда сот жообуна тартылып, ИИМдин каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турганы белгилүү болгон. Ал ооруканага жеткенден кийин эле көз жумган.
Экинчи адам — Бакай-Ата районунда 1983-жылы туулган А.Урмат дагы ооруканада каза болгон. Анын баш мээси чайкалып, баш сөөгү сынып, оор жаракат алган. Ал Чүйдөгү Аламүдүн районунда жашап жаткан.
Милициянын маалыматы боюнча, кылмыш жасалган күнү Сокулук районунун Кашка-Баш айылында каза болгон А.Урматка таандык «Ауди С6» үлгүсүндөгү унаа табылган. Унаада кандын тактары, «Макаров» үлгүсүндөгү тапанча, дүрбү, ошондой эле чөнтөк телефондор бар болгон.
Бишкек ШИИБдин Криминалдык милиция кызматы менен ИИМдин Тергөө кызматынын кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам издөө иш-чараларынын алкагында бул оор кылмышка тиешеси бар адамдардын өздүгү такталган. Шектүү катары Чүй облусунун 1984-жылы туулган тургуну Т.М. менен 1981-жылы туулган А.И. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Криминалдык милиция кызматынын маалыматы боюнча, кармалган жарандар буга чейин бир нече жолу сот жообуна тартылган. Ошондой эле ИИМдин каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турат.
Үчүнчү шектүү — «Дөө Чыңгыз» каймана аты менен таанымал 1981-жылы туулган Жумагулов Чыңгыз Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун Ичке-Суу айылында төрөлгөн. Ал бейбашчылык, адам өлтүрүүгө аракет кылуу, кылмыштуу топту уюштурууга катышуу, бийлик өкүлүнө карата күч колдонуу беренелери менен күнөөлүү деп табылып, жазасын өтөп жаткан. Үй камагына 2019-жылдын февраль айында чыкканы маалым болду.
Булак: NazarNews.kg