www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эпидемиологиялык кырдаал курчуп жаткандыгына байланыштуу эмдөөгө каршы көрсөтмөсү жок кош бойлуу аялдарга вакцина алуу сунушталат. Бул тууралуу Кыргызстандын акушер-гинекологдор ассоциациясынын президенти Арсен Аскеров брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, дүйнө жүзү боюнча 118 миңден ашуун кош бойлуу аял эмдөөдөн өткөн.

"Эгер боюнда бар аял коронавирус жуктуруп алса, анда оору оор формада өтүшү ыктымал. Бала эрте төрөлүп же түйүлдүк өспөй калуу коркунучуна да кабылышы мүмкүн. Ошондуктан кош бойлуу аялдарга вакцинаны дарыгерден кеңеш алгандан кийин сайдырууну сунуштайбыз", — деген Аскеров.

Адис кош бойлуу аялдар ашыкча салмак менен жабыркаса, кант диабети, өнөкөт анемиясы, гипертония, жүрөк кемтигинен жабыркаса жана 35 жаштан ашкан куракта болсо тобокел тобуна кирерин белгилеген. Буларга вакцинаны сөзсүз алуу сунушталат.

"Ал эми дары-дармектерге, айрым азык-түлүккө аллергиясы бар, коронавирус жуктурган жана андан айыккандардын плазмасы менен дарыланган, ошондой эле тромбоз, тромбоцитопения синдрому бар кош бойлуу аялдарга вакцина жасоого болбойт", — деди адис.

Ал ДССУ өнөкөт оору менен жабыркаган боюнда бар келиндерди кош бойлуулуктун 20-22 жумасынан кийин макулдугун алып эмдөөнү сунуштаганын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости