www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарында шаардык жана муниципалдык ишкана жана уюмдардын кызматкерлеринин 50%ы аралыктан иштөөгө өтөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Учурдагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу, КР министрлер кабинетинин токтомунун негизинде жана Ош шаарынын мэриясынын токтомуна ылайык, шаардын муниципалдык ишканаларында жана мекемелеринде кызматкерлердин 50%ы аралыктан иштөөгө которулат. Буйрукка ылайык, биринчи кезекте аралыктан иштөөгө жарандардын айрым категориялары: 60 жаштан ашкан кызматкерлери, өнөкөт оорусу барлар жана кош бойлуулар которулат.
Мындан тышкары, мамлекеттик органдардын жана ишканалардын жетекчилерине кызматкерлердин 50%ын аралыктан иштөөгө жөнөтүү сунушталды.
Булак: NazarNews.kg