www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Дордой-Дыйкан» базарынын ишкерлери митингге чыгышты

Бишкек шаарындагы «Дордой-Дыйкан» базарынын соодагерлери нааразычылык акциясына чыгышты. Алар базарга товар келбей жатканын, ага электрондук товар-транспорт коштомо кагазынын жоктугу себеп болгонун айтышты.

Ишкерлердин айтымында, аларга электрондук товар-транспорт коштомо кагазын колдонуу талабы коюлган. Бирок ишкерлер бул кагазды колдонууга макул эмес.

Ишкерлердин бири «Tazabek» маалымат агенттигине билдиргендей, товар ташуучулар электрондук товар-транспорт коштомо кагазынын жоктугунан базарга товар алып келүүдөн баш тартууда. Ал эми электрондук товар-транспорт коштомо кагазын колдонуу үчүн бухгалтер жалдаш керек.

Ишкер өкмөт базарларды жоюуну көздөп жатканын белгиледи.

Нааразычылык акциясына 100дөй адам катышууда.

Митингчилердин айтымында, базарда 2 миң ишкер иштейт. Жалпысынан 6-7 миң адам жумуш менен камсыздалган.

 

Последние новости