www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2023-жылдын 8-январынан тарта Кытайдын аймагына кирүүдөгү карантиндик эрежелер өзгөрдү. Мындай чечимди Кытайдын бийлиги 2022-жылдын 27-декабрында кабыл алган.

Эми Кытайдын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелеринен атайын ден соолук QR-кодун алуу боюнча талаптар жокко чыгарылат. Кытайга сапар алган жарандар акыркы 48 саат ичинде жасалган CОVID-19 ПЦР-тесттин таза жыйынтыгын көрсөтүшү керек. Бардык жүргүнчүлөр учакка түшкөн учурдан тартып жана Кытайга учкан учурда бет кап кийүүгө милдеттүү болот.

Ошондой эле Кытайга кирген жарандардын баары ПЦР-тестирлөөдөн жана жамааттык обсервациядан милдеттүү түрдө өтсүн деген талаптар жокко чыгарылат. Бардык жүргүнчүлөр ден соолугу жөнүндө бажы декларациясын толтуруу учурунда тесттин жыйынтыгы жөнүндө маалымат бериши керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости