www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстанда өлкө тарыхында алгачкы жолу сиам эгиздерин ажыратуу боюнча операция жасалды. Бул тууралуу «Озоди» радиосу кабарлады.

Эгиздер эки жума мурда Хатлон облусундагы Восей районунда жарык дүйнөгө келишкен. Душанбедеги улуттук медициналык борбордо жасалган операция эки саатка созулуп, жыйынтыгында эгиздердин бири чарчап калды. Дарыгерлер ал башы менен бир тууганынын далысына жабышып төрөлгөнүн, анын жашап кетүүгө такыр мүмкүнчүлүгү болбогонун айтышты.

Аман калган экинчи кызга Саёхат деген ысым берилди. Учурда анын абалы жакшы.

Сиам эгиздери — жатында толук бөлүнбөй калган жана дене бөлүктөрү же ички органдары бир болуп төрөлгөн эгиздер.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости