www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги "Дордой Food" базарынан күмөндүү акциздик маркалар менен алкоголдук продукциялар сакталган кампа аныкталганын 17-июнда Мамлекеттик салык кызматы кабарлады.

Жасалма ичимдиктер сакталып турган кампадан "АЮ" жана "Бишкек Алко пром" жоопкерчилиги чектелген коомдору чыгарган 4 миң 800 бөтөлкө ичимдик алынды.

Мекеме жасалма ичимдикти сатууга аракет кылган ишкерге мыйзамга ылайык чара көрүлөрүн билдирди.

Коопсуздук кеңешинин 2021-жылдын 26-ноябрында өткөн жыйынында алкоголдук ичимдиктер базарында өндүрүштүн төрт эсеге кыскарганы кабарланган. Президент Садыр Жапаров бул тармакта көмүскө ишкердик кылуу жайылып бара жатканын, алкоголдук продукцияны "көмүскө" жүгүртүүнүн үлүшү 40 пайыздан 80 пайызга чейин жетерин белгилеген.

Акциздик салыктын төлөнбөй жатышынан бюджетке дээрлик 2,5 миллиард сом түшпөй жатканы айтылган. 2019-жылы 139 миң бөтөлкө мыйзамсыз алкоголдук продукция тартып алынган болсо, 2020-жылы бир миллиондон ашык бөтөлкө алынганы маалым болгон. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости