www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунда Кара-Суу РИИБнин кызматкери Сыймык Мырзабеков кызмат учурунда каза болду. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Анын айтымында, милиция кызматкери 22 жашта болгон. Ал 2017-2021-жылдары ИИМдин Академиясында окуган. 2021-жылдын 4-ноябрынан тарта Кара-Суу РИИБнин участкалык инспектору болуп иштеген.

16-июнда Курбан-Кара айылындагы Савай каналына инспектор агып кеткен. Бул сууга түшүү мезгилинде балдардын коопсуздугун камсыздоо максатында профилактикалык рейд учурунда болгон. Маркумдун үч кесиптеши аны куткарып калууга аракет кылышкан, бирок куткара албай, участкалык милиционер сууга чөгүп кеткен. Сөөк бүгүн, 18-июнда саат 8.30дар чамасында табылды.

Ош аймактык ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги жана кызматкерлери Сыймык Мырзабековдун үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости