www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Досбол ага, чын эле мамлекетти мыкты тандалган кадрлар алдыга жылдырабы?

- Биринчи кезекте мамлекетти алдыга жылдырган – бул кадр маселеси болот. Биз кадр маселесине 30 жылдан бери кайдыгер карадык. Союз мезгилинде Коммунисттик партия кадрлар маселесин абдан кылдаттык менен тандаган. Жөн эле иштеп жүргөн жеринен бир күндө же бир сааттын ичинде түшүрүп салган эмес.

Эгемен алган жылдан тарта мындай көрүнүш модага айланды. Бир күндүн ичинде кызматка коюп, ал жакпай калса, бир жума же бир айдын тегерегинде кайра алып салып жатат.

Ошол эгемен алган алгачкы жылдарда Базар-Коргондо аким болуп иштеп жүргөн кишибиз таң эрте пахта талаасын аралап жүрүп, алдынан чыккан сугатчыга “сен тиги жерин чала сугарыпсың да, бу жериңди жөн эле суу каптап атат” десе, “сиз мага пахта талаасын кантип сугарышты эми айтпаңыз. Бүгүнтөн баштап аким эмессиз” деп өчүргөн экен. Көрсө, ал акимди кызматтан мурунку күнү кечинде алып коюптур. Бул акимдик деңгээлде.

Ал эми мамлекеттикин айтпай тек коёлу. Кадр маселеси штучный даярдалат. Бир эле жылда эмес, көп жылдар бою эң ылдыйкы тепкичтен аста-аста, тажрыйба топтоп, бери жагы 20-30 жылда мамлекеттик кызматка иштегенге даяр болот. Ага чейин жогорку кызматка даяр эмес.

Ошондуктан кадр маселесине кылдат мамиле кылсак, мамлекеттин, анын ичинде экономиканын өнүгүшүнө, коопсуздуктун сакталышына кесипкөй кадрлар чоң салым кошот (!) деп ойлойм.

Булак: Азия News гезити

Последние новости