www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков буга чейин аны "таксистке кол салды" деген маалымат боюнча билдирүү жасады.
Момбеков окуянын чоо-жайын өзү түшүндүрдү:
"Мен буга чейин жан жакчы да айдоочу да жалдаган эмесмин. Унааны өзүм эле айдап жүрөм. Ал менин жолумду кесип, мен ага "жайыраак айдасаң болбойт беле?!" деп айтсам ызаланып кетип, артымдан кууп келип, алдымдан тосту. Бирок, мен унаанан түшкөн эмесмин. Ал унаанын эшигин ачканга аракет кылды. Терезе ачык болгондуктан, менин үстүмдөн арыз жазган бала өзү мурда түрмөдө отуруп чыкканын айтып, мени оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, бир-эки жолу бетке уруп салды. Андан кийин Кайгуул кызматынын кызматкерлери келип, ишти тергей баштады", - деди Момбеков.
Эске салсак, 4-сентябрда депутат Рыскелди Момбеков таксистти сабоого шектелип жатканы айтылган.
Булак: NazarNews.kg