www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Мерьем Узерли:

Бүгүн, 6-августта белгилүү кино актриса, "Даңазалуу доор" түрк сериалында Хюррем султандын образын жараткан  Мерьем Узерли Кыргыз өлкөсүнө Азиялык эл аралык кинофестивалдын (Asian World Film Festival) чакыруусу боюнча жаӊы эл аралык долбоорду презентациялоо үчүн келди. Бишкектеги соода борборлордун биринде белгилүү немец-түрк актрисасы Мерьем маалымат жыйын берди.

Жыйындын жүрүшүндө белгилүү актриса пандемия учурундагы ар кандай чектөөлөрдөн улам Кыргыз жергесине кыска гана мөөнөткө келгенин айтып, күйөрмандары үчүн атайын убакыт бөлө албай калганын билдирди.

Бирок бул акыркы сапары эместигин белгилеп, кийинки жолку сапарында узак мөөнөткө келип, Кыргыз өлкөсүндөгү башка шаарларды да кыдырып, кооз табиятын көрүп кетүү тууралуу ою бар экендигин кошумчалады.

Ошондой эле кийинки жолу күйөрмандары менен кененирээк баарлашуу кыларын баса белгиледи.

Видео super.kg сайтынан алынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости