www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талибдерге каршы согушкан Афганистандын мурдагы вице-президенти Амрулла Салех Тажикстанга кире качты. Бул тууралуу бүгүн, 6-сентябрда, Sputnik Тажикстан кабарлады.

Агенттиктин маалыматына караганда, Салехтин постсоветтик мамлекетке качканын Al Arabiya менен Afghanistan International дагы жазды.

Белгилей кетсек, талибдер бийликти алгандан кийин өлкөдөн Афганистандын президенти Ашраф Гани чыгып кеткен. Мындан улам вице-президент Амрулла Салех Конституцияга таянуу менен өзүн-өзү президент катары жарыялап, Панжшерде согушкерлерге каршылык көрсөтөрүн айткан. Бирок 6-сентябрда талибдер Панжшерди толугу менен өз көзөмөлүнө алганы кабарланды.

Ал эми Салех менен биргеликте "Талибан"* кыймылына каршы чыккан лидер Ахмад Масуд учурда коопсуз жерде экенин жана ал жакынкы аралыкта кайрылуу жасай турганын Афганистандын Улуттук каршылык фронтунун өкүлү Али Назари жазды.

Эске салсак, буга чейин "Талибан"* кыймылы согушкерлерге каршылык көрсөтүүнүн таянычы болгон Панжшер провинциясын басып алганын билдиришкен. Көп өтпөй кыймылдын өкүлү Билал Карими дал ушул Парьян аймагы, андан тышкары, Шутал, Аннаба жана Хиндж алардын колуна өткөнүн кабарлаган.

Августтун башында "Талибан"* кыймылы активдешип, Афганистандын өкмөттүк күчтөрүнө чабуул кое баштаган. 2021-жылдын 15-августунда борбор шаары Кабулга кирип, президенттик сарай алардын көзөмөлүндө калган. Ал эми 16-августта Афганистандагы согуш аягына чыкты деп жар салып, жакын арада өлкөнүн башкаруу формасы аныкталарын айтышкан. 31-августка караган түнү АКШ аскерлери буга чейин көзөмөлүндө турган Кабул аэропортун таштап чыгып кетишти.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 2006-жылы «Талибан» кыймылы террористтик уюм деген чечим чыгарган. Кыргызстанда анын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости