www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин криминалдык милициясынын ыкчам кызматкерлери тарабынан «Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү автоунаасын уурдады делип эки жигит кармалды. Бул тууралуу ИИМнин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык,  2021-жылдын 29-январында О.Б. аттуу жаран «Достук» конушунан болжол менен түнкү саат 01:00-04:00 аралыгында «Хонда Одиссей» унаасын уурдап, изин жашырып кеткендерге карата чара көрүү өтүнүчү менен милицияга кайрылган.

Аталган факт кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталып, КР Жазык кодексинин 206-беренеси ("унаа каражатын уурдоо") боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Жургүзүлгөн ыкчам иш аракеттердин жүрүшүндө Биринчи май райондук ИИБдин криминалдык милициясынын кызматкерлери тарабынан 2001-жылы туулган К.И жана К.А. аттуу шектүүлөр кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Азыркы учурда кармалгандардын башка кылмыш иштерине тийиштиги бар-жогун аныктоо боюнча кошумча тергөө аракеттери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости