www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ДССУ бай өлкөлөрдү вакцина менен бөлүшүүгө чакырды

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) бай өлкөлөрдү коронавируска каршы вакцинаны балдарды жана өспүрүмдөрдү эмдөөгө жумшоодон көрө жарды мамлекеттер менен бөлүшүүгө чакырды.

Уюмдун жетекчиси Тедрос Адханом Гебрейсус бул тууралуу 14-майда Женева шаарында өткөн онлайн жыйында айтты. Ал башка өлкөлөрдү да Швеция менен Франциянын жолун жолдоп, вакцинаны COVAX программасынын алкагында башка өлкөлөргө берет деген ишеничин билдирди.

Балдарды жана өспүрүмдөрдү эмдөөнү чечкен өлкөлөрдүн ичинде Канада менен АКШ да бар.

Бул аралыкта Индиянын премьер-министри Нарендра Моди өлкөдө коронавирус тездик менен жайылып жатканын кабарлады. 14-майда Индияда 24 миллиондон ашуун эл коронавирус жугузуп алды. Үчүнчү күнү катары менен 4 миңден ашуун адам өлүп жатат.

ДССУ мамлекет башчылары карантиндик чектөөлөрдү алууда, беткапсыз жүрүүгө уруксат берүүдө этияттык кылууга чакырып, коронавирустун улам жаңы штаммдары чыгып жатканын эскертти.

АКШдагы Жонс Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, 15-майга карата жалпы дүйнө жүзүндө коронавирус илдетине чалдыккандардын саны 161,9 млн. адамды түздү. Оорудан 3 млн. 357 642 адам көз жумду.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус пандемиясынан быйылкы курмандыктар былтыркыга караганда арбын болорун эскертүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости