www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы эки жумада дүйнөдө коронавирус 30 пайызга өстү. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус билдиргенин РИА Новости жазды.

"Соңку эки жумада коронавирусту жуктургандар жер жүзүндө 30 пайызга көбөйдү. ДССУнун алты субрегионунун төртөө акыркы аптада илдет өскөнүн кабарлады", — деген уюмдун башчысы брифингде.

Ал Европа менен Америкада коронавирустун BA.4 жана BA.5 түрлөрү көбөйүп жатканын, ал эми Индияда BA.2.75 варианты табылганын билдирген.

ДССУ башчысы жарандарды вакцина алууга жана аны кайталап сайдырууга чакырган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости