www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунун прокурору Бакирдин Жанузаков бүгүн эртең менен каза болгон кырсыктан жети адам жабыркады. Бул тууралуу облустук ишки иштер башкармалыгынан билдиришти.

«Жүргүнчүлөрү бар унаа 6-июль күнү саат 16.00дөр чамасында Бишкектен чыгып кеткен. Унаанын ичинде 8 адам - ​​алты чоң адам жана эки жаш бала болгон. 7-июль күнү саат 07:00дөр чамасында Чаткал районунун Чакмак-Суу айылынан чыгып келе жаткан айдоочу рулду башкара албай калып, анын кесепетинен унаа оодарылып кеткен», - деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, жабыркагандардын арасында 22 жаштагы айдоочу, 65 жаштагы жүргүнчү — Айгыр-Жар айылынын тургуну, ошондой эле Бишкек шаарынын тургундары: 31 жаштагы, 52 жаштагы жарандар, 60 жаштагы жүргүнчүлөр жана 12 жаштагы эки бала бар.

Эске салсак, жол кырсыгы Чаткал - Кара-Буура унаа жолунда болгон. Окуяда каза болгон юстициянын подполковниги Бакирдин Жанузаков 54 жашта болгон. Ал 2020-жылдын май айынан бери аталган райондун прокурору болуп иштеп келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости