www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Кыргызстанга COVID-19 инфекциясы менен күрөшүүгө кезектеги гуманитардык жардамын берет. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Министр Алымкадыр Бейшеналиев Стамбул шаарында өтүп жаткан Түрк кеңешинин саламаттык сактоо боюнча илимий кеңешинин жыйынынын алкагында ДССУнун регионалдык бюросунун башчысы Ханс Клюге менен жолуккан.
Анда министр коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча иш-чаралар тууралуу айтып берген. Ошондой эле саламаттык сактоо тармагына кошумча гуманитардык жана техникалык жардам берүү маселелери талкууланган.
"Кыргызстанга жакынкы убакта кардиомониторлор, өзгөчө абал болуп кеткен учурда жаракаттарды дарылаган топтомдор, хирургиялык маскалар, кол каптар, жеке коргонуу каражаттары, коронавирустук инфекцияны аныктоого керектелген материалдар жана башка гуманитардык жардамдын партиясы жөнөтүлөт. Жүк 10 күндүн ичинде Кыргызстанда болот", — деген Клюге.
Алымкадыр Бейшеналиев ДССУнун колдоосу үчүн ыраазычылык билдирген. Өз кезегинде Ханс Клюге эл аралык уюм Кыргызстанга көмөктөшүүгө ар дайым даяр экенин белгилеген.
Булак: NazarNews.kg