www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Минтранс: Жолдорду салууга пандемия тоскоол болду

Быйыл жыл башынан бери «Түндүк-Түштүк» альтернативдик автожолунун тогуз чакырымы курулуп бүттү. Бул тууралуу 30-октябрда Транспорт жана жол министрлигинин коллегиясынын тогуз айдын жыйынтыгы боюнча отурумунда айтылды.

Мекеменин маалыматына караганда, быйыл республиканын аймагында жалпысынан беш автожол долбоору боюнча 143 чакырымга асфальт төшөө пландалган. Бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу чектөөлөрдөн улам бул пландын көрсөткүчү 92 чакырымга чейин кыскартылган, бүгүнкү күнгө карата анын 62си төшөлдү.

Белгилей кетсек, быйылкы жылдын июнь айындагы маалыматка караганда, долбоордун 76% аяктаган.

Балыкчы – Кочкор – Чаек – Арал – Казарман – Жалал-Абад багытындагы 433 чакырымдык «Түндүк-Түштүк» жолу Кыргызстандын эгемендикке ээ болгондон берки эң дымактуу долбоору катары айтылып жүрөт. Анын 200 чакырымга жакыны жол такыр түшө элек тилкелерден өтөт. 2014-жылы башталган, жалпы наркы 850 миллион долларлык долбоордун инвесторлору – Кытайдын Эксимбанкы жана Азия өнүктүрүү, Ислам өнүктүрүү банктары. Кытайдын «China Road & Bridge Corporation» корпорациясы жүргүзүп жаткан курулуш иштери үч фазага бөлүнгөн. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости