www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ДССУ: Маймыл чечеги боюнча абал өтө оор

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) маймыл чечеги боюнча абал дүйнө жүзүндө өзгөчө кырдаал абалын жарыялоого жетпесе дагы өтө оор экенин моюнга алды.

"Уюмдун өзгөчө кырдаалдар комитетинин бир нече адиси абал өтө оор экенин айтканына карабастан, жалпысынан ДССУнун башкы директоруна ушул этапта эпидемия эл аралык маанидеги өзгөчө кырдаал абалына жете элек деген маалымат берүү чечими кабыл алынды", — деп айтылат билдирүүдө.

ДССУнун соңку маалыматы боюнча, жыл башынан бери маймыл чечеги 48 өлкөдө 3,2 миң кишиден табылды.

Маймыл чечеги — сейрек кездешүүчү вирустук инфекция, ал адамдарга да жугушу мүмкүн. Бул, адатта, жеңил оору болуп саналат жана жуктуруп алгандардын көбү бир нече жуманын ичинде айыгып кетишет. Бирок кээ бири кыйналышы мүмкүн. Адистер маймыл чечегин жыныстык жол менен жугуучу инфекция деп эсептебейт. Анткен менен оорулуу адам менен жакын байланышта болгондор жугузуп алышы мүмкүн. Оорунун алгачкы белгилерине ысытма, баш оору, булчуңдардын оорушу, белдин оорушу, лимфа бездеринин шишип кетиши, чыйрыгуу жана чарчоо кирет. Көбүнчө беттен башталып, дененин башка бөлүктөрүнө исиркектер чыгат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости