www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөдө COVID-19га каршы вакцинанын 2 миллиарддан ашык дозасы колдонулду. Бул тууралуу «Анадолу» агенттиги жазды.

Ourworldindata.org ресурсундагы маалымат боюнча, Кытайда 704 миң 830 доза вакцина колдонулуп, алар дүйнөдө биринчи орунда турат. АКШ — 296 млн 910 миң доза, Индия – 221 млн 40 миң, Бразилия – 68 млн 920 миң, Улуу Британия – 65 млн 660 миң, Германия – 52 млн 780 миң, Франция – 37 млн 450 миң, Италия – 35 млн 820 миң, Мексика – 31 млн 810 миң, Орусия – 29 млн 790 миң доза колдонгон.

Ал эми колдонулган дозалардын 100гө эсептелиши боюнча алдыда Сейшел аралдары турат. Аларда 100 кишиге 136,74 доза туура келет. Бириккен Араб Эмираттарында 100 кишиге 132,11 доза, Сан-Маринодо – 126,51, Израилде – 122,33, Мальтада – 119,72, Бахрейнде – 104,32, Чилиде – 98,84, Монголияда – 98,65, Улуу Британияда – 96,72, Венгрияда – 92,15, Катарда – 90,26 доза туура келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости