www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаровдун бир тууганымын деп, өзгөчө ири өлчөмдө акча алып жаткан шылуундар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, "А.М.Б." жана "Б.У.М." Сабыр Жапаровдун атын жамынып алып, алдамчылык жол менен жана адамдардын ишенимине кирип алып, калктын керектөөчү товарлары бар контейнерлерди экспорттоо маселесин чечүү үчүн өзгөчө ири суммадагы 1 млн 250 миң доллар өлчөмүндөгү Казакстандын аймагында жайгашкан "M.T.A" аттуу жарандын каражатын ээлеп алууга аракет кылган.

Аталган факт боюнча УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү (Алдамчылык) фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

3-июнда ыкчам-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча, талап кылынган суммадан каражаттын бир бөлүгүн алгандан кийин, "А.М.Б." жана "Б.У.М" аттуу жарандар кармалды.

Кармалган "А.М.Б." аттуу жаран УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул фактыга тиешеси бар адамдардын бардыгын аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости