www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орхан Инандыны табууну талап кылып Айтматов дагы митингге чыкты

Төрт күндөн бери дайынсыз болуп жаткан "Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандыны табууну талап кылгандар кайрадан өкмөт үйүнүн алдына митингге чыкты. Митингге эки жүздөн ашык адам катышууда, арасында мурдагы тышкы иштер министри Аскар Айтматов дагы бар.

Инандыны табууну талап кылгандар 1-2-июнда Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин астында митинг өткөргөн. 3-июнда Жогорку Кеңештин имаратынын алдына чогулган.

Коопсуздук кеңшинин катчысы Марат Иманкулов 3-июнда дайынсыз жоголгон Орхан Инандыга байланыштуу укук коргоо органдары менен кеңешме өткөрүп, аны издөө иштерин күчөтүүнү тапшырган.

Орхан Инандынын эшиги ачык калган машинеси 1-июнга караган түнү таңга жуук өзү жашаган үйдүн короосунан табылган. Милицияга арызды анын уулу жазып, акыркы жолу атасы байланышка 31-майда кечинде чыкканын, ошо бойдон дайынсыз экенин билдирген.

Президент Садыр Жапаров аны издөө иштерин күчөтүүнү жана кошумча күч тартууну тапшырган.

Кыргызстанда 20дан ашуун "Сапат" жеке лицейинин, эл аралык "Ала-Тоо" университетинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды теги түркиялык, бирок Кыргызстандын жарандыгын алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости