www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 21-февралга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 111 миллион 52 миң 160 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 62 миллион 598 миң 214 бейтап айыгып чыкса, 2 миллион 460 миң 186 адам илдеттен каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 28 миллион 75 миң 453 болду. 497 миң 574 адам каза болсо, 12 миллион 125 миң 806 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 10 миллион 977 миң 387 адамдан аныкталды. 156 миң 212 адам каза болсо, 10 миллион 678 миң 48 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 10 миллион 139 миң 148 адам вируска кабылган. 245 миң 977 бейтап көз жумса, 9 миллион 70 миң 272 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости