www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
27-майга карата дүйнөдө коронавирус илдетин жуктургандардын саны 5 миллион 588 миң 229га жетти. Анын арасынан 2 миллион 286 миң 827 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылса, 350 миң 423 адам көз жумду. Бул тууралуу маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды.
Биринчи орунда турган АКШда 1 миллион 680 миң 625 адам катталды. Андан 384 миң 902 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылса, тилекке каршы 98 миң 902 адам оорудан каза болду.
Коронавирусту жуктургандардын санынын көптүгү боюнча экинчи орунга чыккан Бразилияда 391 миң 222 адам илдетти жуктурган. Оорудан 158 миң 593 адам айыгып, каза болгондордун саны 24 миң 512ге жетти.
Россияда 362 миң 342 адам коронавирус илдети менен катталган. Анын арасынан 131 миң 129 бейтап сакайып, 3 миң 807 адам дүйнө салды.
Булак: NazarNews.kg