www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2019-жылдын 3-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы „Борбордук Азиядагы региондук жол катнаштарын жакшыртуу боюнча программанын үчүнчү фазасы (БА РЖКЖП-3)“ долбоору боюнча каржылоо жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 31-октябрында кабыл алынган.

Аталган Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарлоого тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Маалымат катары:

«Борбордук Азиядагы региондук жол катнаштарын жакшыртуу боюнча программанын  үчүнчү фазасы» долбоору Түп — «Каркыра» контролдук өткөрмө пункту авто жолунун тилкесин (39 –76 чакырымдар), «Каркыра» капчыгайындагы туристтик лагерге алып баруучу жолду (15 км) реабилитациялоону, жол-эксплуатациялоо жабдууларын сатып алууну, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин учуулардын коопсуздугун көзөмөлдөө жаатындагы дараметин жогорулатууну, И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институтунун дараметин чыңдоону камтыйт. Ошондой эле беш туристтик сервис-борборду куруу жана Ысык-Көл облусунун Түп жана Ак-Суу райондорунда коомдук деңгээлдеги геопарктарды түзүү жана өнүктүрүү үчүн колдоо көрсөтүү боюнча компонент каралган.

Аталган долбоорду жүзөгө ашыруу үчүн 55 млн АКШ доллары        өлчөмүндө финансы каражаттары сарпталат.

Макулдашууга ылайык, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (Бүткүл дүйнөлүк банк) Кыргыз Республикасына суммасы 27,5 млн АКШ доллары болгон насыя (каржылоонун шарттары: насыя 38 жылдык мөөнөткө берилет, жеңилдик мезгили — 6 жыл, жылдык үстөгү — 0,75  пайыз), ошондой эле суммасы 27,5 млн АКШ долларына барабар грант берүү аркылуу колдоо көрсөтүлөт. Бул долбоор боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кошо каржылоосу каралган эмес.

Последние новости