www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тууй ата. Өлгөн экенбиз. Кимге ишенип жүрөбүз? Жакында УКМКдан 200 миң доллар далил буюмдар жоголуп, ага УКМКнын эле кызматкери шектелип жаткан. Эми бул ирет Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын кызматкери (Финпол) “бомбаны жарып” отурат.

Оштогу Альберт Рахманжанов аттуу жеке ишкер 2018-жылдын 10-октябрында соттун чечими менен анын күрөөканасында тинтүү иштери жүрүп, жалпы баасы 5-6 миллионго бааланган алтын, бриллиант сыяктуу зер буюмдары далил буюмдар катары Финполдун кызматкерлери тарабынан алыныптыр. 2019-жылдын 2-апрелинде сот Альберт Рахманжановго Финпол далил буюмдарын кайтарып берсин деген чечим чыгарган экен. Анан эмне дейсиңер?

Финпол ишкерге далил буюмдар катары алынган андагы зерлерди эмес такыр башка буюмдарды берип койгондугу аныкталган. Анын чыныгы алтын, бриллиант буюмдарынан азыркыга чейин дайын жок. Ал эми Финполдон маалымдашкандай алардын бул ишке тиешеси бар кызматкери коллегиялдык кеңешмеде иштен айдалыптыр.

Болгону айдалыптыр. Бул эмне деген шумдук өзү? Ушинтип эле бирөөнүн менчигин жашырып, анан иштен айдалып эле кетеби? Ой ал кымтып алган алтын, бриллиант буюмдар анын карылыгына чейин жетчүдөй экен...Бет деген болушу керек да кичине болсо дагы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости