www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөлүк жаратылышты коргоо фонду (WWF), Дүйнөлүк мурас аянттары менен катар дүйнөдөгү корукка алынган эң маанилүү экологиялык аянттарда мыйзамсыз аң уулоо жана контрабанда уланганын билдирип мунун токтотулушу үчүн шашылыш жана кошумча чаралар көрүлүшү боюнча чакырыгын салды.

WWFтин жарыялаган отчетунда табигый кооздук, геология, экология жана жаныбарлардын  түрдүүлүгү менен таанылган Табигый дүйнөлүк мурас аянттарынын сейрек кездешүүчү өсүмдүк жана жаныбар түрлөрүн камтыганы эске салынды.

Бул аянттардын дүйнөдө калган 3890 кабылан жана бүтүндөй Африкадагы пилдердин 40 пайызын камтыганы белгиленген отчетто, корукка алынган табигый аянттардын тукум курут болуп бараткан түрлөр үчүн акыркы баш калкалоочу жай болгону белгиленди.

Билинген жана корголгон статустарына карабастан 43 Дүйнөлүк мурастар аянтынын 30 пайызында мыйзамсыз аң уулоо, бак кыюу жана балыкчылык иш-чаралары уланганына көңүл бурулган отчетто, бул иш-чаралардын коркунуч астындагы түрлөрдү жок болуунун босогосуна алып келгени жана жашоо үчүн бул жерлерге бел байлаган коомчулуктардын жашоолорун да коркунучка салганы белгиленди.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости