www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөнүн эң картаң кишиси экендиги айтылган индонезиялык 146 жаштагы Мбах Гото Жава аймагына караштуу Сраген шаарында каза болду. Гото 12 -  апрелде ден соолугунун начарлашы менен  ооруканага жаткырылып, 6 күндөн кийин өз каалоосу менен ооруканадан чыккан. Жакындары Гото ооруканадан чыккандан кийин абдан аз тамак жегендигин билдиришти. Гото Жаванын борборундагы айылында көмүлдү.

Сраген калк башкармалыгынын жетекчилери так туулган жылын эстей албаган Готонун жашын тактап, Гиннес рекорддор китебине кириши үчүн кайрылууга даярданууда.

Изилдөөлөрдүн натыйжасында Готонун 146 жашында экендигин ортого чыгарышкандарын ортого салган жетекчилер картаң кишиге туулган жылы 1870 -  жыл 31 – декабрь деп жазылган күбөлүк карточкасын берген. Готонун небереси Мас Сурянто да өткөн жылы Анадолу агенттигини кабарчысына  берген маалыматында : «Чоң атамдын жашы тууралуу  бир гана эстеген нерсеси 1880 -  жылы Голландия колониясы учурунда ачылган бир шекер заводу. Заводдун ачылышына 10 жашта баргандыгын айтышы, жетекчилердин жашын белгилешинде негизги белги болду. Чоң атамдын ден соолугу жашына карагандан абдан жакшы. Көздөрү жакшы көрбөгөндүктөн телевизор көрбөйт, бирок дайыма радио угат»,- деди.

Өмүрүндө 4 жолу үйлөнгөн Готонун жубайлары, бардык балдары жана 10 бир тууганы каза болгон. Готонун 12 небересинин 17 баласы бар. Катталган эң картаң киши француз Джоан Луиз Калмент эле. Калмент 1997 – жылы 4 – августта каза болгондо 122, 5 жашында болчу.

Булак; "trt.net.tr"

Последние новости