www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын борбору Душанбе шаарында электросамокаттарды, электроскутерлерди жана башка жеке транспорт каражаттарын 2030-жылга чейин колдонууга тыюу салынды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

Бул чечим жол кырсыктарынын көбөйүшүнө жана ушул сыяктуу транспорт каражаттарын коопсуз пайдалануу үчүн зарыл инфраструктуранын жоктугуна байланыштуу кабыл алынганы айтылууда. Тыюу салуу атайын бөлүнгөн жерлерден тышкары, бардык шаардык райондорго тиешелүү.

Тиешелүү чечим Душанбе шаардык Эл депутаттарынын жыйынынын токтому менен кабыл алынган.

"Бул чечим электросамокаттар менен электроскутерлерди колдонууну тартипке келтирүү, алардын катышуусундагы жол-транспорт кырсыктарынын санын азайтуу, транспорт каражаттарынын жана жөө жүргүнчүлөрдүн кыймылына тоскоолдуктарды болтурбоо, ошондой эле жол кыймылынын бардык катышуучуларынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында кабыл алынды", — деп түшүндүрүштү шаардык администрациядан.

Мекеме бул чектөө мындай транспорт каражаттарын коопсуз пайдалануу үчүн зарыл болгон инфраструктура түзүлгөнгө чейин күчүндө болоорун кошумчалады.

Буга чейин Казакстанда дагы электросамокаттардын тротуарларда жүрүшүнө тыюу салууну киргизүү пландалып жатканы кабарланган.

Последние новости