www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Афганистанда Instagram, Facebook жана Snapchat социалдык тармактарына кирүү мүмкүнчүлүгү чектелди. Бул тууралуу интернетти көзөмөлдөөчү NetBlocks кызматы билдиргенин РИА Новости жазды.
Маалыматка караганда, аталган социалдык тармактарга интернет-провайдерлер аркылуу кирүү азыр чектелүү. Бул окуя өткөн жумадагы телекоммуникациялык өчүрүүлөрдөн кийин болгон.
29-сентябрда NetBlocks Афганистанда интернет толугу менен өчүрүлгөнүн билдирген. Бул чектөөлөрдү “Талибан”кыймылы “адеп-ахлактык нормаларды сактоо” максатында киргизгени айтылган. Бир күндөн кийин БУУнун Афганистандагы миссиясы өлкөдөгү 43 миллионго жакын адам интернетсиз калганын, бул өчүрүү банктарды, саламаттык сактоо жана башка тармактарды да жабыркатканын маалымдаган.
Бир нече сааттан кийин интернет кайра калыбына келгендиги тууралуу маалымат чыккан. Ошол эле маалда “Талибан” кыймылы интернетке жалпы тыюу салынганын төгүндөп, өчүрүүнүн себеби катары инфраструктуранын эскиргенин көрсөткөн.