www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Маркум, кыргыздын чыгаан уулу, 42 жашында ууланып каза тапкан Сатыбалды Жээнбековдун бейнесине арналган журналист Дыйканбек Садык уулунун 1992-жылы август айында жазылган макаласын NazarNews маалымат агенттиги окурмандарыбызга жарыялайбыз.
“1990-жылдын кеч күзүндө Кыргызстан демократиялык кыймылынын мүчөлөрү тарыхый акцияга — саясий ачкачылыкка чыгышын, бүтүндөй дүйнө жүзүнүн элдери Ала-Тоо жергесине карата кулак түрүп турган кези эле. Компартиялык-тоталитардык бийлик али күчүндө. Ачкачылыктын негизги талаптарынын бири БКнын биринчи катчысы, Жогорку Кеңештин президиумунун төрагасы А.Масалиевдин отставкага кетүүсү.
Мен, Топчубек Тургуналы, профессор Копыленко үчөөбүз БКнын алдында турдук. Калган балдар шаардын ар кай жеринде турушту. Ошол күндөрү Масалиевге караганда бизди колдогондор арбындай сезилип турду. Саясий ачкачылыктын катышуучуларынын катары күндөн күнгө арбый берди. Депутаттар биринчи, экинчи күндөрү салмактуурак турушту эле үчүнчү күнү сыртка кайра-кайра чыгышын, биздин ден соолукту сурап, чебелене баштагандары байкалды. Биз жөнүндө сессияда да катуу сөз жүрүп турду.
Сатыбалды ачкачылыктын биринчи күнүнөн баштап эле сессиянын жүрүшүнөн бизди кабардар кылып турган болчу. Ал сессияда синхрондук котормочу эле. Бирде депутаттардын бизди кандайча колдоп жаткандыгын айтып кубантса, бирде тамаша, анекдот айтып күлдүрүп, көңүлдү көтөрүп кетет. Чөнтөгүнөн «Космос» сигарети түшпөйт, чегише да кетебиз. Кесиптеш катары таанышпыз, мен теле комитетке барганда саламдашып учурашып, ал жай сураша калчубуз, ал мен иштеген «Советтик Кыргызстан» гезитинин редакциясына менин ынак курбум Керимбек Тойбаевге келип турчу. Экөө Мичуринск шаарында чогуу окушкан экен.
Сатыбалдынын таланттуулугуна ичимен ыраазы боло, оңтойу келсе ал жөнүндө кененирээк бир очерк жаратсам деген оюм да бар болчу. Радио, теледе редакторлук кызматта иштеп жүрүп билип калбадымбы, көптөгөн алып баруучулардан (журналисттерден) ийкемдүүлүгү, маектеши менен сөз таба сүйлөшө билгендиги, өзүн эфирден такай эркин алып жүргөндүгү, теленин сөзү менен айтканда артистүүлүгү менен айырмалана алчу.
Ал обон чыгара коюп, анысын гитарада өзү аткарып, эфирден чыгып жүрдү. Журналистиканы, көркөм өнөрдү мына ушул кара тору, көз айнекчен жигиттей түшүнгөндөр теледе арбыныраак болсо деген да ойлор келер эле. Кудай таалам ага коңгуроодой жагымдуу үндү да берип койгон экен. Кыргыздын мына ушундай саналуу жигиттеринин бири менен тааныш экендигиме сыймыктанчумун.
Ошентип саясий ачкачылыктын үчүнчү күнү болсо керек, бизди Масалиев кабыл алмай болду деп дүрбөп калышты. Кезээрүүгө катышы болгондор да ак үйгө кирүүгө жутунушкандыктан эшикти Камиля Кененбаева, Жыпар Жекшеев менен Сабыр Мукамбетовдор тосушуп, ачкачылыктагыларды штабда түзүлгөн тизме боюнча киргизүүгө мажбур болушту. Өкмөттүн кичи залына алып барышты.
Кире бериштеги күзгүдөн өзүмдү көрүп, денем дүр дей түштү. Өңүм кер сары тартып, бакырайган көзүм ары кирип, ого бетер чүңүрөйүп шайманым кетип баратканын байкадым. Эмне болгон күндө да чегинүү өлүм менен барабар эле. Алсыздыкты баштан силкип таштап, залга көөдөндү кере кирдим. Фоэде депутаттар бизди жардап карап турушат. Алардын көпчүлүгү залга кирүүгө батынышкан жок.
М.Шеримкулов, С.Жээнбеков, КГБ, МВДнын жетекчи кызматкерлери, дагы бир топ министрлер арттан орун алышыптыр. Төлөмүш Океев баштаган беш-аягы депутат алдыңкы катарда олтурушат.
Масалиев президиумга чыкты. Баягы калыбында солк этпейт. Көйнөгүнүн жеңинин топчусу (запонкасы) сары темирден экен. Алтындан окшойт деп койдум. Жанымда Топчубек Тургуналы, Эркинбей Шерниязовдор олтурушат. Ошондо байкадым, ачка адамдын оозунан өлүк жыттанарын. Депутаттар Иманбаев, Куловдордон кийин Сатыбалды Жээнбеков трибунага чыга калды. Анын чыгышына Масалиев каршы болгон жок, аны оштук катары өзүн көргөн сүйлөйт десе керек. Кыргызстандын биринчиси андан мурун Ф.Куловго сөз бербешке катуу аракет кылып, ачкачылыктын катышуучуларынын кысымына туруштук бере албай аргасыз макул болгон.
Биз демибизди ичибизге алып Сатыкенин сөзүн күттүк.
Эмне деп салар экен? Саясий бюронун мүчөсүн көргөнү кетеби? Өгүнтөн бери биз тарапка сыяктанып, бизди кайраттандырып келбеди беле...
Кудай бар, ушундай уйгу-туйгу ойлор келип, кыйпычыктай кеттим. Анан Сатыкебиз минтип салды:
Апсамат Масалиевич, - деди ал тигиге кайрылып, - Мен сессияга башынан бери юрмочу катары катышып, үстү жактан бардык кыймылды көрүп олтурам. Сиз ар бир оштук депутаттын артына бирден оштук депутат эмес аксакалды олтургузуп, аларды шиш менен сайдыртып, кол көтөрүп койдуңуз. Сиздин көргөзмөңүз менен Оштон бир самолёт толтура ардагерлерди алып келишти сессияга. Бул эмне деген жорук? Сиз Апсамат Масалиевич кыргызды дал өзүңүз экиге бөлүп жатасыз. Эмне, Нарында, Көлдө, Чүйдө, Бишкекте ардагерлер калбай калыптырбы?
Сиз ушул эле кылган ишиңиз учүн отставкага кетишиңиз керек. Мына мен да түштүктөнмүн, оштук кыргызмын. Мен сиздин мындай кылыгыңызга эч качан макул боло албаймын. Сиз биздин, оштуктардын наамын булгап жатасыз. Саясий ачкачылыктын катышуучуларынын талабын эң туура деп эсептеймин.
Сатыбалды сөзүн аяктай электе эле зал жарылып кетти. Үндөр дуу этип шатыраган кол чабуулар залды жарды. Масалиевдин өңү кубарды. Ал жерге кирип баратты. Анан эсине келип:
-Жолдоштор... Жолдоштор... Эми ушул кол чабууларды койсоңор, - деди залды тынчытууга аракеттенип. Мындай реакцияны күтпөсө керек. Шашып калды. Арттан биздин балдардын бирөсү:
-Бул сессия эмес башкарып тургандай!... - деп кыйкырды.
-Жолдоштор... Жолдоштор... - деди Массалиев классикалык ыкмага сала обдулуп. Ошондо Током (Төлөмүш Океев) Массалиевди минтип гана тынчытты:
-Апсамат Масалиевич, алар өз колдору менен чаап жатышат, тыюу салууга болбойт да...
Биз күлүп жибердик, зал дагы дуулдады. Сатыбалды Жээнбеков ошондо биздин мөрөйүбүздү, ал мындай тайманбаган калыс сөзү менен кыргыздын мөрөйүн алып берди. Түндүк түштүккө ачыктан-ачык бөлүп, аны сессияга курал катары пайдаланып жатышкан жексурлардын утурумдук болсо да колдорун байлоого, ооздорун жабууга жетишти. М.Борбугулов сыяктуу “Ошту орусияга кошуп кетем” дегендердин оозун тыгындады.
Сатыбалдынын бул эрдигин, Сатыкебиздин бул жакшылыгын унутсак көзүбүздөн чыгар. Биздин бактыбызга анын бул залда болуп калгандыгын карабайсызбы! Ошондогу БКнын катчысы М.Шеримкулов залдан сыртка чыгып кайра киргенде алдыңкы эшиктен бир топ олбурлуү жигиттер киришип, трибунаны («Айнур» заводунун директору баш болуп) штурмалай башташгы. Балдар ал директорду грибунадан сүйрөп түшүрүп коё жаздашты, себеби ал олбурлуу жигит Масалиевди жерге-сууга тийгизбей мактап кирген эле. Анын мындай аракети биздин “темага” таптакыр коошпой түрган. Анан ал менин жанымда олтурган Эркинбек Шерниязовго жулунуп басып келип, жакалашып калаарда, экөөнүн ортосуна түшө калдым, Эркинбек тиги жактоочуга карата ордунда олтурганда эле көбүрөөк кыйкырып койгон болчу.
Жеңилген. Сатыкебиздин сөзүнө ызаланган тартмак эмес. Биз ар кандай провакацияга даяр элек. КГБнын кызматкерлери болсо керек, ал директорду арт жакка алып кетишти. Сөздүн күчү ошондо билинди. Тиги трибунаны сагалаган бейтааныш жигиттер да чыгып сүйлөөгө батына беришпеди. Сыртка биринин артынан бири чыгып жок болуштү. Мүмкүн алар тартип сакчыларыдыр, ким билет...
Мага Масалиев үчүн сөз сүйлөөгө даярдалган адамдардай көрүнүшкөн.
Көп өтпөй президенттикке Аскар Акаев шайланып, ант берип тышка чыга бергенде биз аны тосуп алып, өз колубуз менен калпак кийгиздик. Ачкачылык токтой элек эле. Президент бизди экинчи жолу (биринчисин эски өкмөт үйүндө) ак үйдө кабыл алды. Биздин кезээрүүбүздү токтотууну өтүндү. Бирок биздин талаптарыбыздын көбү орундай элек болчу. Сатыкем анда дагы чыгып сүйлөдү. Биздин алгачкы жеңишибиз менен куттуктады, бизди кезээрүүнү токтотууга үндөдү. Аскар Акаев биздин көзүбүзчө анын колун бекем кармап, өзүнүн алкышын айтты. Биз биринчи президентибиздин, өзүбүздүн президентибиздин өтүнүчүн кабыл алдык.
Ошондо Топчуке экөөбүз КДКнын мүчөлүгүнө үшул кара тору, көз айнекчен диктор жигитти эмдигиче тарта албаганыбызга өкүнгөн элек. Ал Кыргызстандын теле, радио комитетине төрага болуп бекиди, ага өзүнүн реформасын киргизди. Мен билгени аталган комитетте биринчи реформа Сатыбалдыныкы эле. Жаңы төраганын ал максаты толук ишке ашпаган күндө да, менин кээ бир кесиптештерим таарынышасын, мурдагыга караганда ишке этек-жеңин түрө чуркашын, шымаланып киришип калышты. Жетекчилик бир кыйла жаңырды, жашарды. Реформа жасоо бардык эле жетекчинин колунан келе бербейт. Бул жагынан алганда да ал тарыхый инсан.
ГК ЧП убагында Сатыбалды Жээнбеков жетектеген радио, теле комитетинин кызматкерлери Орто Азия, Казакстан жумурияттарынан айырмаланып, калкты Москва окуялары менен кабардар кылып турушканы да тарыхта калып олтурат. Ал анда президентти биринчилерден болуп колдоп чыкты. Опурталдуу күндөрдө туруктуулугун көргөзгөн Сатыбалды Жээнбековго президентибиз Кыргызстандын жогорку сыйлыгын өз колу менен тапшырбады беле!
Сатыбалдыдан башка жетекчи болсо өзүнө карап президенттин көзүнүн түздүгүнө таянып, мекемедеги «бунтка» кол шилтеп салып, отставкага кетпей коймок. Бирок ал мында да эрдик, жигиттик кылды. Министрлердин кимиси өз арызы менен кетип жатыптыр да, кимиси өз арызы менен кете коёт экен? Ал турмак кээси кызматтан кетерин билип калышары менен ооруканага жата калышып жүрүшпөйбү.
«Саясий ачкачылык» аттуу жазып бүткөн китебимде (буюрса көрүп калаар) Сатыбалды Жээнбековдун портретин ачыгыраак тартканга аракет жасагам.
Бул макалага андан бир үзүм гана бердим, макала жазууга «ЭрК» гезитинин окурмандарынын Сатыкемдин дайынын сураган каттары себепчи болуп олтурат.
С.Жээнбеков бир топ убакытка чейин Кыргыз ТАГдын директорунун биринчи орун басары болуп иштеп туруп, Түркияга алты айлык жетекчи кызматчылык окууга барып окуп келди. Азыр чыгармачылыктын үстүндө иштеп жатат. Биздин ЭрКтин мүчөсү, анын ордун колдоп, жеңилин жердеп алып турган кези.
Эр эмгегин эл жебейт эмеспи. Эмесе, Сатыкеме редакциянын атынан ак жол каалап, ак бата берип коёлу. Оомийин!”, - деп жазган журналист Дыйканбек Садык уулу.
Кыргыздын кыйырына таанымал өмүрү өрнөк инсаныбыз Сатыбалды Жээнбеков быйыл көзү тирүү болгондо 68 жашка чыкмак. Тилекке каршы, чыгаан уулубуз 42 жашында ууланып каза тапкан.
Эске сала кетсек, Сатыбалды Жээнбеков Амиржанович 1952-жылы 13-июнда Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Багыш айылында туулган.
1975-жылы Россиянын Мичурин шаарындагы педагогикалык институтунун орус тили жана адабияты факультетин бүтүргөн.
Эмгек жолун 1975-жылы Сузак районундагы А.С.Пушкин атындагы орто мектепте мугалимдик кесиптен баштаган. 1976-жылдан 1980-жылга чейин ушул мектептин директору болуп кызмат өтөгөн. Андан кийин Сузак районундагы №36-айылдык кесиптик-техникалык окуу жайынын профсоюз уюмунун төрагасы кызматына шайланган.
1982-жылы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик телерадиоберүү комитетинин практикант-диктору болуп ишке орношуп, 1988-жылы жогорку баскычтагы дикторлукка чейин жеткен. Ушул мезгилдерде С.Жээнбековдун чыныгы дикторлук чеберчилиги ачылып, кыскача маалыматтарды окугандан тышкары көркөм чыгармаларды, фильмдердин текстин таасирдүү окуган адис дикторго айланды.
Ал эми 1989-жылы мамлекеттик телерадиоберүүлөр боюнча комитеттин профсоюз уюмун жетектеп, кызматкерлердин укугун коргоо жана аларга шарт түзүп берүү жагынан бир катар алгылыктуу иштерди аткарган. Дайыма айткан убадасына турган, калыс, чечкиндүү жетекчи катары жамааттын эсинде калды. Мындай сапаты жана иштермандыгы Сатыбалды Жээнбековду 1991-жылдын февралынан тартып Мамлекеттик телерадиокомпаниясынын төрагалык кызматына дайындалышына чейин алып келди.
Бул мезгил Кыргыз Республикасы Эгемендүүлүктү жаңыдан алган мезгил эле. Бардыгы жаңыдан түзүлүп жаткан. Ушундай шартта Сатыбалды Жээнбеков салмактуу кадамдарды жасап, телерадионун дагы өзгөрүшүнө алып келе турган иштерди баштаган. Компаниянын ишин жакшыртып, элге жакындатуу максатында реформа жүргүзүүнү максат кылып, аны кызматкерлер арасында аттестациялоо ишин баштаган.
Сатыбалды Жээнбеков телерадио кызматкерлеринин арасында чынчыл, ак ниет, адилет жана иштерман кызматкер катары таанылып, ушул күнгө чейин урматтоону жаратып келет.
Булак: NazarNews.kg