www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын берген сунушунун негизинде Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Орозбакова Максат Асанкуловна кызмат ордунан убактылуу четтетилди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Мамлекет башчысына Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын жергиликтүү соттун судьясы Максат Орозбакованы кызмат ордунан убактылуу четтетүү жана жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү тууралуу сунуштамасы келип түшкөн.

Буга Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Өткүрбек Жамшитовдун Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде опузалап пара алуу фактысы катталганы тууралуу көрсөтүлгөн сунуштамасы негиз болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости