www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунун Кара-Суу райондук соту 2020-жылдын 12-июнунда апасын күрөк менен чапкан кызга өкүм чыгарды. Бул тууралуу соттун өкүмүндө айтылды. 

Ага ылайык, Жоруктар жөнүндөгү кодекстин 66-беренесинин 1-бөлүгү (Ден соолукка жеңил зыян келтирүү) менен айыпталган Зарнигордун  (аты өзгөртүлдү, Р.к.З.) жорук иши боюнча материалдарды карап чыкты.

Зарнигор 1993-жылы Кара-Суу районунда туулган. Билими орто, үй-бүлөлүү, 2 баласы бар. Убактылуу иштебейт, мурда соттолгон эмес.
Ал  2020-жылдын 9-майында саат 17:30 чамасында Кара-Суу районунун Савай айыл аймагынын 1972-жылы туулган тургуну — апасы Иноятты (аты өзгөртүлдү, М.И.Х.) оозго алгыс сөздөр менен тилдеп, колундагы күрөк менен уруп, денесине жаракат келтирген.

Сот отурумда Зарнигор  ага угузулган айыпты толугу менен мойнуна алды. 

Айыпталуучу белгилегендей, аталган окуя апасы кызын (Зарнигорду) «атаң менен жатып жүрөсүң» деп күнөөлөгөндөн улам келип чыккан. Мындан улам ал жабырлануучунун короосуна кирип барып, күрөк менен урган. Ал эки баланын энеси экенин, жолдошу учурда Өзбекстанда эмгектенип жүргөнүн айтты.

Зарнигордун айтымында, буга чейин апасы атасын үйүнөн кууп чыккан жана  үй инисине ишеним кат аркылуу өткөрүлгөн.

Айыпталуучу жабырлануучу менен жарашууга мүмкүн эместигин маалымдап, соттон жеңил жаза берүүнү суранды.

Сот Зарнигорду  Жоруктар жөнүндөгү кодекстин 66-беренесинин 1-бөлүгү менен күнөөлүү деп таап, 30 сааттык коомдук жумушка тартты.

Өкүмгө нааразы тарап Ош облустук сотуна апелляциялык тартипте даттанууга жана сунуш киргизүүгө укуктуу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости