www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маркум, кыргыздын чыгаан уулу, 42 жашында ууланып каза тапкан Сатыбалды Жээнбековдун бейнесине арналган “Кыргыз руху” гезитинин 1992-жылы август айында жазылган макаласын NazarNews маалымат агенттиги окурмандарыбызга жарыялайбыз.

Кош дегенге сөз барбай,

Кош дегенге ооз барбай...

Узатып жатты сени эл,

Түбөлүккө кыя албай...

Жоготтук... Сатыбалдыны жоготуп жибердик. Арабыздан асмандагы жылдыздай жалп этип учуп, улуу чексиздиктин арасына, түбөлүк элестерге сиңип кетти, Сатыбалды... Пендебиз да. Пенденин кеби ысык жан сокпой калганда чыгат турбайбы? Өзүң укпасаң да, элиң уксун деп ушул аза сөздөрдү, ушул арман сөздөрдү айтууга жүрөк даабай, сени жоготуп жибергенибизге ишене албай, эсил кайран өзүңдү эстеп, кыл чайнап турабыз. Чыныгы жигит өлүмү жыгылган туу менен барабар, туубуз азалуу жер карап турат, комуз да үзүлүп-үзүлүп кетчүдөй армандуу дирилдейт. О, кайран кыргыз! Бу дүйнөгө кимди жаратып, кимди жоготтуң. Белиң түзөлүп, далай ирет белиң сынды... Жазмыштын кеби ушубу, жазмыштын кесири ушубу... Турмуш тегирмен, биз анын парасында айланган пендебиз. Ошол тегирмен парасына бүгүн биз Сатыбалдыны салып жиберип, миң толгонуп, миң кыйналып, миң эзилип арманыбыз айга батпай, амалыбыз жерге батпай какшап калдык. Жоготтук. Жоготуу сөзүн да, жоголгон жерден табуу кыйын. Кантели, жараткандын берээри кандай ак болсо, алаары деле ошондой ак беле? Сатыке, сен жөнүндө сөз башталды, сөз тугөнбейт... Кош, кайран жигит, кош кайраныбыз!..

Эске сала кетсек, Сатыбалды Жээнбеков Амиржанович 1952-жылы 13-июнда Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Багыш айылында туулган.

1975-жылы Россиянын Мичурин шаарындагы педагогикалык институтунун орус тили жана адабияты факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолун 1975-жылы Сузак районундагы А.С.Пушкин атындагы орто мектепте мугалимдик кесиптен баштаган. 1976-жылдан 1980-жылга чейин ушул мектептин директору болуп кызмат өтөгөн. Андан кийин Сузак районундагы №36-айылдык кесиптик-техникалык окуу жайынын профсоюз уюмунун төрагасы кызматына шайланган.

1982-жылы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик телерадиоберүү комитетинин практикант-диктору болуп ишке орношуп, 1988-жылы жогорку баскычтагы дикторлукка чейин жеткен. Ушул мезгилдерде С.Жээнбековдун чыныгы дикторлук чеберчилиги ачылып, кыскача маалыматтарды окугандан тышкары көркөм чыгармаларды, фильмдердин текстин таасирдүү окуган адис дикторго айланды.

Ал эми 1989-жылы мамлекеттик телерадиоберүүлөр боюнча комитеттин профсоюз уюмун жетектеп, кызматкерлердин укугун коргоо жана аларга шарт түзүп берүү жагынан бир катар алгылыктуу иштерди аткарган. Дайыма айткан убадасына турган, калыс, чечкиндүү жетекчи катары жамааттын эсинде калды. Мындай сапаты жана иштермандыгы Сатыбалды Жээнбековду 1991-жылдын февралынан тартып Мамлекеттик телерадиокомпаниясынын төрагалык кызматына дайындалышына чейин алып келди.

Бул мезгил Кыргыз Республикасы Эгемендүүлүктү жаңыдан алган мезгил эле. Бардыгы жаңыдан түзүлүп жаткан. Ушундай шартта Сатыбалды Жээнбеков салмактуу кадамдарды жасап, телерадионун дагы өзгөрүшүнө алып келе турган иштерди баштаган. Компаниянын ишин жакшыртып, элге жакындатуу максатында реформа жүргүзүүнү максат кылып, аны кызматкерлер арасында аттестациялоо ишин баштаган.

Сатыбалды Жээнбеков телерадио кызматкерлеринин арасында чынчыл, ак ниет, адилет жана иштерман кызматкер катары таанылып, ушул күнгө чейин урматтоону жаратып келет. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости