www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте “Тез жардам” бригадалары жетишсиз болуп жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин убактылуу жетекчиси Жаркынбек Касымбеков парламенттин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Ал “Тез жардам” бригадаларынын жетишсиздиги өтө эле көйгөйлүү маселе экенине токтолдук.

"Убагында Бишкек шаарынын калкы 500-600 миң кезинде 60 бригада чыгып турчу. Азыр борбор калаада 1,5 млн киши жашайт, бирок болгону 45-50 бригада чыгат. Булу өтө жетишсиз", – деди Касымбеков.

Анын айтымында, жолдордогу унаа тыгындары “Тез жардам” кызматын чакырган жерге жетүү убактысына таасирин тийгизип жатканын билдирди. Жол тыгындарын эске алганда, 20-30 мүнөткө чейин убакыт кетүүдө.

Касымбеков “Тез жардам” бөлүмдөрүн куруу боюнча дагы маселелер турганын айтып, алар боюнча дагы иштер болорун кошумчалады.

Депутат Винера Раимбачаева борбор калаадагы “Тез жардам” унааларынын жетишсиздине токтолуп, бул көйгөй региондордо дагы бар экенин эске салды.

Раимбачаева Бишкек шаары менен эле чектелбей региондорду дагы заманбап “Тез жардам” унаалары менен камсыздоо керектиги баса белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости