www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын чыгышында Фергана шаарында жаш жигит кызды алгач колу менен чаап, кийин бетке тепкени видеокөзөмөл камераларына түшүп алган.

Кадрда кыз жигиттин тепкисинен кийин жерге кулап түшүп, жигит андан ары басып баратканын көрүүгө болот.

Бул окуя боюнча Фергана облусунун ички иштер башкармалыгы комментарий берди.

Маалыматка ылайык, окуя 25-июнь күнү Дангара районунун тургундары Навбахор мааласынын аймагында болгон. Кыз-жигит кызганычтан улам уруша кетишкен. Жаңжал учурунда жигит кыздын бетине буту менен тээп, кетип калган.

Бул факты боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, Дангара райондук ички иштер бөлүмү тарабынан тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат.

Тергөөнүн соңунда кошумча маалымат берилери кабарланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости