www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда COVID-19 менен ооруган дарыгерлердин дээрлик 50 пайызы компенсация алган эмес. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбаев билдирди.

Ал белгилегендей, дарыгерлер кызыл тилкеде иштеп жүрүп ооруп калганына карабай, компенсация төлөп берүүдөн баш тартуу боюнча арыздар түшүүдө.

«Пандемия башталгандан бери 6497 дарыгер ооруп, анын 3600ү компенсация алган. Албагандардын арасында же ПЦР анализи терс, же кызыл зонада иштөөгө буйрук жок. Мен дагы бардыгына айлык төлөш керек деп ойлойм, бирок каржылык мүмкүнчүлүктөр жок”, - дейт Жаркынбек Касымбеков.

Министрдин орун басары Улан Садыковдун айтымында, 2020-жылы төлөнүүчү компенсациянын көлөмү 1 миллиард 353 миллион сом, 2021-жылы 1 миллиард 351 миллион сом, 2022-жылы 117 миллион сом болгон.

Компенсация алуу үчүн кезекте 130 дарыгер турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости