www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын президенти Джо Байден Афганистандан аскердик күчтөр чыгарылып жатканына өкүнбөсүн айтты. Ал ортодо Талибан кулач жаюуда.
Джо Байден Афганистандын лидерлерин биригип, “өлкө үчүн күрөшүүгө” чакырды.
АКШ баштаган күчтөр өлкөдөн чыгарылып жаткан учурда Афганистандын аймактарында зордук-зомбулуктар күчөп кетти. Ооган жериндеги аскердик операциялар 20 жылга созулган болчу.
Талибдер өлкөдөгү 34 аймактын борборун өздөрүнө каратып алып, калгандарын да коркутууда.
Ак үйдө шейшемби күнү журналисттердин алдында сүйлөп жатып Байден АКШ Афганистандын алдындагы милдеттерин аткарганын айтты. Абадан колдоо көрсөтүү, аскер кызматкерлерине айлык төлөө жана ооган күчтөрүн азык-түлүк жана жабдуулар менен камсыздоо сыяктуу иштер аткарылганын кошумчалады.
Бирок “эми алар өздөрү үчүн өздөрү согушушу керек” деп айтты.
Вашингтон Пост гезити ысымы аталбаган мамлекеттик кызматкерге шилтеме кылып, АКШ аскеринин баасына таянуу менен борбор калаа Кабул Талибандын колуна 90 күндүн ичине өтүп кетиши мүмкүн экенин жазып чыкты.
Булак: NazarNews.kg