www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин сегизинчи чакырылышына келе турган депутаттардын жаш курагы коомчулуктун кызыгуусун жаратты. Ачык булактардагы өмүр баяндар көрсөткөндөй, парламентке ат салышкан талапкерлердин жашы 25те болсо, эң улуусу 69 жашта. Жалпы эсеп боюнча Жогорку Кеңешке 90 депутат келет.
Алсак:
• 25–29 жаш — 2 депутат
• 30–39 жаш — 24 депутат
• 40–49 жаш — 32 депутат
• 50–59 жаш — 26 депутат
• 60 жаштан жогору — 6 депутат
Эң чоң катмарды 40–49 жаштагы талапкерлер түзгөнү байкалат. Бул курактагы муун реформаларды түшүнгөн, советтик мурастын соңку сабагын алгандардын жана жаңы технологиялык доордун талабына ыкташкандардын ортосу. Алардын салмагы саясатта туруктуулук менен жаңычылдыкты айкалыштыра алат.
Экинчи ири топ, 30–39 жаштагылар. Бул муун коомдук-саясий процесстерге жаңы динамика алып келүүдө. Алар санариптик түшүнүктөргө ыктап, дүйнөлүк тенденцияларды тез кабыл алышат.
Ал эми 25–29 жаштагы жаңы жүздөрдүн аздыгы, жаштардын саясатка аралашуусу дагы деле татаал экенин, бирок тенденция акырындап өзгөрүп келе жатканын айгинелейт.