www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Садыр Жапаров бүгүн, 7-октябрда Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Садыр Жапаров Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктап, ага бекем ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердигинде мындан аркы ийгиликтерди каалады.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-орус союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелеринин жогорку деңгээлин, ошондой эле эки тараптуу кызматташтыктын ырааттуу өнүгүп жатканын белгилешти.
Мамлекет башчысы ошондой эле ШКУ жана ШКУ+ алкагындагы иш-чараларга, ошондой эле Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышкандыгы үчүн Россия тарапка ыраазычылык билдирди.
Соңунда лидерлер кыргыз-орус стратегиялык кызматташтыгын мындан ары чыңдоого жана жогорку деңгээлдеги ишенимдүү диалогду улантууга өз ара ниеттерин ырасташты.