www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Нилуфар Алимжанова тамеки жана алкоголдук ичимдиктерди сатып алууга уруксат берилген жаш куракты 18 жаштан 21 жашка чейин көтөрүүнү сунуштады.

Бул тууралуу ал бүгүн, 7-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, мындай чара жарандардын укуктарын чектөө болуп саналбайт жана жаштардын ден соолугун коргоого багытталат.

Ошондой эле депутат Ош облусунун Ноокат районундагы канализация маселесин көтөрдү. Анын маалыматына караганда, райондо 330 миңдей адам жашайт жана айрым короолордо 3-4 үй-бүлөдөн бирге жашоого туура келет.

Ушуга байланыштуу Алимжанова Ноокат районунда Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу көп кабаттуу үйлөрдү куруу маселесин кароону сунуштады.

Мындан тышкары, депутат студенттердин кайрылуусун айтып, жатаканалардын курулушун тездетүү зарылдыгын белгиледи.

Последние новости