www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарында алгачкы мектеп автобустары каттамга чыкты. Алар мектептен алыс жайгашкан аймактарда жашаган окуучуларды ташыйт.
Бүгүн Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев окуучулар менен бирге автобустардын бирине отуруп, андагы шарттар менен таанышты.
Автобустар балдардын коопсуздугун камсыз кылуу талаптарына ылайык жабдылган. Алар кондиционер жана жол жүрүүгө зарыл болгон шарттар менен камсыздалган.
Мэриянын маалыматына караганда, мындан ары мындай автобустардын санын көбөйтүү пландалууда.