www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 7-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында оор өнөкөт оорудан улам төшөктө жаткан улгайган жарандарды баккан үй-бүлө мүчөлөрүнө жеке ассистент кызматы аркылуу жөлөк пул төлөө маселеси көтөрүлдү.

Депутат Улукбек Карыбек уулу өлкөдө 3,8 миңден ашык жалгыз бой карыя катталганын, бирок аларды тейлеген социалдык кызматкерлер жетишсиз экенин белгиледи. Анын айтымында, оорулуу жакындарын кароо үчүн айрым жарандар жумушун таштоого аргасыз болуп, үй-бүлөлөрдүн кирешеси азаюуда.

Депутат карыяларды үйүндө баккан адамдарга айлык төлөп, эмгек стажын жана социалдык төгүмдөрүн эсептөө сунушталып жатканын айтты. Демилгени алгач бир аймакта 500 үй-бүлөнүн катышуусунда алты айлык пилоттук долбоор катары ишке ашыруу сунушталды.

Депутат Улан Примов демилгени колдоп, мындай колдоону кийинчерээк турмуштук кырдаалдан улам майып болуп калган жарандарды баккандарга да жайылтуу керектигин билдирди.

Последние новости