www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 7-октябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар аймактардагы социалдык объектилердин курулушу, жолдорду оңдоо, таза суу жана электр энергиясы менен камсыздоо маселелерин көтөрүштү.

«Ар кандай маселелер» саатында депутаттар бир катар аймактарда курулуш иштерин тездетүү жана объектилерди каржылоону өз убагында жүргүзүү зарылдыгын белгилешти.

Атап айтканда, Дастан Бекешев Бишкектеги жол тыгындарын азайтуу боюнча сунуштарын айтып, жол кыймылын жөнгө салууда «акылдуу» жол чырактарды көбөйтүү маселесине көңүл бурууга чакырды.

Максат Алымбеков Аламүдүн районунун Молдовановка айылында канализация жана саркынды сууларды тазалоочу курулмаларды куруу зарылдыгын белгиледи.

Улан Примов Кара-Суу районунун Медресе айылындагы К.Момбекова атындагы мектепке кошумча корпус куруу жана аймактагы таза суу маселесин чечүү керектигин билдирди.

Гүлшаркан Култаева Таш-Көмүр шаарындагы Кызыл-Жар-12 шаарчасынын жашоочуларынын турак жай документтерин алуу маселесин көтөрүп, Аксы районунун Дейрес-Сай айылына барчу жолду республикалык баланска өткөрүп, курулушун тездетүүнү сунуштады.

Алишер Козуев Кара-Суу шаарындагы жол курулушуна байланыштуу айрым үйлөрдү көчүрүү маселесине токтолуп, жашоочуларга жер тилкесин берүү жана тиешелүү кенемте төлөө зарылдыгын айтты.

Ошондой эле Кара-Дөбө айылындагы эски мектептин имаратын бала бакча катары пайдалануу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Мындан тышкары, депутаттар Токтогул, Свердлов, Өзгөн, Кара-Кулжа, Каракол, Жети-Өгүз жана Кадамжай аймактарындагы мектеп, бала бакча, медициналык мекеме, жол жана башка социалдык объектилердин көйгөйлөрүн көтөрүштү.

Эл өкүлдөрү курулуп жаткан социалдык объектилерди каржылоону өз убагында жүргүзүп, айрым аймактардагы дебитордук карыздарды чечүүгө жана курулуш иштерин тездетүүгө чакырышты.

Последние новости